БЕШ өРДөГүН УЧУРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Калп айтуу, жалган айтуу, капкайдагы калпты айтуу. – Жок, апатай... Алар беш өрдөгүн учуруп жатышат (Жусупов). Беш өрдөгүн учуруп жатабы дегендей болуп, бардыгыбыз дымып калдык («Кыргызстан маданияты»). Анда ал беш өрдөгүн учуруп калп айтып, аброюн көрсөтөйүн деген тура (М. Абакиров).